ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына жана кыргыз тилин өнүктүрүүгө арналган Эл аралык «Руханий байлык» фестивалында

   Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби уюштурган «Руханий байлык» аттуу эл аралык фестиваль И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын конгресс-холлунда 2023-жылдын 21-декабрда өттү.

Фестивалга ардактуу көрүүчү катары Чыңгыз Айтматовдун карындашы Розетта Айтматова Төрөкуловна, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Орозобекова Жылдыз Калмашевна, министрликтердин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучу-профессорлору, студенттери чакырылган.

Эл аралык фестивалга И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби, Кыргызстан Эл аралык университети, «Салымбеков университети» аттуу жогорку окуу жайлары катышып, кыргыз тилинде Ч.Айтматовдун чыгармаларын тартуулашты.

Фестивалдын алкагында Ч. Айтматовдун чыгармаларына карата тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү өттү.  Ч. Айтматовдун элесине арналып жазылган ырлардан көркөм окуу, чыгармаларынан үзүндү аткаруу жана Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарга карата жаралган обондуу ырлардан аткаруу жүрдү.

Фестивалдын жыйынтыгында Өтмө кубок «Салымбеков университетине берилди. Фестивалдын жобосуна ылайык «Руханий байлык» фестивалы 2 жылда бир өткөрүлүп, катышуучу ЖОЖдордун бирөөсүнө өтүп турат.

Залкар жазуучубуздун карындашы Розетта Төрөгуловна Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган «Эл аралык фестивалдын катышуучуларына, уюштуруучуларына батасын берип, ак жол тиледи.

Фестивалдын максаты: чет элдик студенттер окуган медициналык жогорку окуу жайларында кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүү, улуттук нарктуулукту жана кыргыз тили аркылуу Ч.Айтматовдун чыгармаларын чет элдик студенттерге таанытуу.

Толук видеону көрүү