ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

«Медициналык жогорку окуу жайларында чет элдик студенттерге тилдерди окутуунун актуалдуу маселелери» аттуу секциянын отурумунда

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин 20 жылдыгына карата "Медицина илиминдеги жана билим берүүдөгү инновациялар" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Конференциянын алкагында «Медициналык жогорку окуу жайларында чет элдик студенттерге тилдерди окутуунун актуалдуу маселелери» аттуу секция иш алып барды. Секцияга ф.и.д., п.и.к., доцент Сооронкулов Гулжигит Умарович  жана п.и.д., ф.и.к., профессор Биялиев Кутман Абакович төрагалык кылышты. Баяндамалар: Исаева Мактым Абдыкеримовна - ОшМУнун эл аралык медициналык факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын доценти, ф.и.к., «Кыргыз тилин чет тил катары окутуу усулунун актуалдуу маселелери», Омурзакова Жылдыз Кубанычбековна – Кыргызстан Эл аралык университетинин окуу иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү проректору, т.и.к., доцент, «Кыргызстандагы билингивизм: статистика жана тенденциялар», Аманалиева Гульнара Эсенбековна - Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун кыргыз тили кафедрасынын доценти, п.и.к., «Медициналык факультеттердин студенттери үчүн окуу китеби” Карамендеева Чолпон Жологоновна –Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун кыргыз тили кафедрасынын доценти, п.и.к., «Улантуучу топтордо улуттук этно-маданий лексиканы талдап окутуу»,  Устабаева Гулнур Карыпбековна – И. Арабаев атын. КМУнун доценттин м.а., ф.и.к., «Окумуштуу-сынчы К. Артыкбаевдин эмгектеринде тил жөнүндөгү актуалдуу маселелердин козголушу», Сайдалиева Алтынай Тахировна -  «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин кыргыз тилин үйрөтүү бөлүмүнүн башчысы, «Чет элдик студенттерге мамлекеттик тилди окутуу («Ала-Тоо» Эл аралык университетинин мисалында)»- деп аталган баяндамалар   окулду.

Ал эми Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин гуманитардык сабактар кафедрасынын башчысы Алымкулова Нурия Насипкуловна –«Чет элдик студенттердин сүйлөө кебин өнүктүрүүдө - сабактан тышкаркы иш-чараларды уюштуруу», Гуманитардык сабактар кафедрасынын доценттин м.а., ф.и.к.,  Бутешова Айзада Раисовна «Студенттердин өз алдынча иштөөсү үчүн айрым санариптик платформаларды колдонуу», мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Зайыркулова Рима Жеңишовна «Медициналык жогорку окуу жайларында «Манас» эпосу менен «Махабхарата» эпосун салыштырып окутуунун маселелери», Ажибекова Азиза Арстанбековна «Чет тили сабагы катары орус тилинен кластердик усул»,  Кибраева Мунира Анаркулова - «Чет элдик студенттерди окутууда кыргыз тилинде сүйлөө көндүмдөрүн калыптандыруу ыкмалары», Жумабекова Бурул Алымбековна  - Ысык-Көл камп. гуманитардык сабактар кафедрасынын окутуучусу «Чет элдик студенттерге кыргыз тилин окутуудагы усулдар» Жетимишова Бегимай Жетимишовна - Эл аралык жогорку медициналык мектебинин пропедтерапия жана үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын окутуучусу, «Профилактикалык радио жана телемедицина мамлекеттик тилде», Туратбек кызы Жазгүл - «Чет элдик студенттерге кыргыз тилин окутууда чыгармачылык көндөмдөрдү өнүктүрүүнүн инновациялык ыкмалары” аттуу баяндамалар жасалды. Медициналык багытта окуп жаткан чет элдик студенттерге тилдерди үйрөтүүнүн методологиясы, методдору жана медицинадагы мамлекеттик тилдин ролу, Манастаануу дисцплинасында эпосторду салыштырып окутуунун методдору жөнүндө жогорудагы окуу жайлардын окумуштуу-профессорлорунун кызыктуу баяндамалары угулду жана презентация жасалды. Конференциянын алкагында ЭАЖММдин гуманитардык сабактар кафедрасынын түптөлүш тарыхы, басып өткөн жолу, 20 жыл ичиндеги жетишкендиктери, чет элдик студенттерди окутуудагы көйгөйлөр боюнча кеңири маалыматты кафедра башчысы Алымкулова Нурия Насипкуловна баяндады.

Ошондой эле кафедранын дарсканаларынын, кабинеттеринин жасалышы жана  студенттердин эмгектери менен келген конокторду тааныштыруу жүрдү. Жыйынтыгында ЖОЖдор аралык илимий-практикалык кызматташуу жана тил үйрөтүү боюнча тажрыйба алмашууну ар тараптуу илгерилетүү сунушталды.