Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Ак калпак күнү

Эл аралык жогорку медициналык мектебинин гуманитардык сабактар кафедрасынын окутуучулары Кибраева Мунира, Мукаш уулу Таласбек., Мамытов Аркарбек  Кыргыз Республикасынын 5-март «Ак калпак» күнүнѳ карата 8 семестрдин студенттери менен майрамдык иш-чара ѳткѳрүштү. Майрамдык иш-чараны Гуманитардык сабактар кафедрасынын башчысы Алымкулова Нурия ачып, алгачкы сѳздү ЭАЖММнын илимий иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору, м.и.д., профессор Узаков Орозали сүйлѳѳ менен калпак жѳнүндѳ уламышты баяндап, «Ак калпак» күнү менен ЭАЖММнын окутуучуларын, студенттерин куттуктады. Таланттуу студенттер кыргыз тилинде «Ак калпак» майрамы жѳнүндѳ, ак калпактын келип чыгышы, анын мааниси, түрлѳрү жѳнүндѳ кеп салышып, кыргыз, казак, хинди, орус тилдеринде ѳз ѳнѳрлѳрүн тартуулашты. Иш-чаранын акырында Мамлекеттик тил бѳлүмүнүн башчысы Зайыркулова Рима жалпы кѳрүүчүлѳрдүн жана катышуучулардын атынан иш-чараны жогорку деңгээлде даярдаган Гуманитардык сабактар кафедрасынын окутуучуларына жана катышкан студенттерге терең ыраазычылык билдирди. Ѳзгѳ элден келип медицинаны багындырып жаткан студенттерибиз Кыргыз Республикасынын дагы бир расмий майрамы 5-март «Ак калпак күнү» менен дагы да терең таанышышты.