ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

EdTech бейшемби күнү MERIде 31-март 2022-ж Гибриддик окутууга өтүү. Окутуучулар жана университеттин жетекчилиги үчүн сабактар

2022-жылдын 31-мартында саат 11:00дө окутуучулар, мугалимдер министрликтердин өкүлдөрү, ЖОЖдун жана мектептердин администрациясынын мүчөлөрү, ошондой эле EdTech жана илимий коомчулук үчүн: «Гибриддик окутууга өтүү. Мугалимдер жана университеттин жетекчилиги үчүн сабактар» деген темада ачык онлайн жолугушуу болуп өттү. 
Covid-19 пандемиясы жашообуздун бардык тармагына таасирин тийгизди. Ал дүйнөдөгү улуттук билим берүү системаларынын кемчиликтерин ашкерелеп, бул системалар жараксыз болгон жаңы шарттарды түздү.
Пандемия аяктагандан кийин, статус-квого кайтып келүү мүмкүн эместей сезилет.
Ошондуктан, бүгүнкү күндө ар кайсы өлкөлөрдүн тажрыйбасынан туура жыйынтык чыгаруу жана максималдуу сабак алуу абдан маанилүү.

 


Тренингде төмөнкү суроолор талкууланды:
1. Окуу программалары жана студенттердин билим алуу траекториялары кантип өзгөрөт?
2. Микрокредит деген эмне жана ал эмне үчүн өсүп жаткан тенденция?
3. Аралаштырылган жана онлайн окутуудагы санариптештирүү процесси студенттерге жана окутуучуларга кандай таасир этет?
4. Окуу процессин эффективдүү жолго коюу боюнча окутуучуларга жана ЖОЖдун жетекчилигине кандай сунуштарды берүүгө болот?


Спикерлер:
Екатерина Царанок, Modern Education & Research Institute (Бельгия) директору.
Чинара Исмаилова, ЭАЖММнын  табигый илимдер сабактары кафедрасынын доценти.