ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган хакатон өттү

2024-жылдын 15-16-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган хакатон болуп өттү. Иш-чараны Кыргыз улуттук университетинин ректору Абдырахманов Төлөбек Абылович ачты. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевич, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тагаев Марат Толомушевич, «ULUT Soft» ЖЧКсынын директору Окенов Мирбек Турдубекович сүйлөшүп,  иш-чарага ийгиликтерди жолдошту.

Иш-чарага Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинен мамлекеттик тил бөлүмүнүн эксперт-лингвисти Галиева Диана Акылбековна катышты.

Иш-чаранын негизги максаты жана милдеттери:

  • Хакатон студенттердин жана кесипкөйлөрдүн  машиналык окутуу, тексти үнгө конвертациялоо кызматын уюштуруу;
  • Нейрондук түйүндөр  тармагындагы  актуалдуу көйгөйлөрдү  чечүүгө багытталган  билим берүү, долбоорлоо  жана коммуникациялык форум түзүү;
  • Хакатондун багыттары боюнча келечкектүү долбоордук чечимдерди иштеп чыккан, кесипкөй өнүгүп жаткан командаларды аныктоо.
  • Студенттердин  тапкычтык, жаратмандык, ишмердүүлүк сыяктуу сапаттарын ачуу жана илимий көз карашын, көркөм–эстетикалык шыгын өнүктүрүү.

Иш-чара онлайн жана оффлайн форматта өттү. Эки күн бою хакатондун бардык катышуучулары өз билимдерин жана көндүмдөрүн колдонуп, окутуу ыкмаларын өркүндөтүүгө, лингвистикалык ресурсту кеңейтүүгө жана тилди сактоо жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурууга багытталган инновациялык долбоорлорду түзүү үчүн командалар менен иштешти. Программалык касыздоону иштеп чыгуучулардын форумуна Кыргызстандагы 12 жогорку окуу жайынан 25 команда катышты. Катышуучулардын жалпы саны 165. Иш-чаранын жүрүшүндө кызыктуу талкуулар жана лекциялар болду. Хакатондун акыркы этабында командалар өз долбоорлорун калыстар тобуна сунуштап, аларды оригиналдуулук, практикалык жана билим берүү коомчулугуна тийгизген таасири сыяктуу ар кандай критерийлер боюнча баалашты.

    Жалпысынан Хакатон катышуучулар үчүн өз чыгармачылыгын көрсөтүүгө жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошууга уникалдуу мүмкүнчүлүк болду.