ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин 20 жылдыгына карата "Медицина илиминдеги жана билим берүүдөгү инновациялар" аттуу ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин 20 жылдыгына карата "Медицина илиминдеги жана билим берүүдөгү инновациялар" аттуу

ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА
сиздерди катышууга чакырат
2023-жылдын 21-24-октябрында

Уюштуруу комитетинин ардактуу төрагалары:
Жапаров Акылбек Усенбекович –
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
Байсалов Эдиль Жолдубаевич – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары
Баатырова Гулнара Маришовна – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри
Иманалиев Каныбек Капашович – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри

Төрага:
Ахунбаев Стальбек Медерович –
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин ректору, профессор, Кыргыз Республикасынын Президентинин медициналык билим берүү маселелери боюнча кеңешчиси, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.

Теңтөрагалар:
Профессор Фан Сиань – Юн -
 PhD философия илимдеринин доктору, Шанхай Цзяотун университетинин Вице-президенти, медициналык мектебинин ректору, Тогузунчу туунду элдик оорукананын офтальмологиясынын профессору, Эл аралык AOI офтальмология академиясынын академиги, Кытай инженердик академиясынын академиги
ЮАСА Мотоюки – PhD философия илимдеринин доктору, Жутендо университетинин Жогорку медициналык мектебинин саламттыкты сактоо аймагындагы глобалдык изилдөө кафедрасынын башчысы

Уюштуруу комитетинин аткаруучу төрагалары:
Узаков Орозали Жаанбаевич –
медицина илимдеринин доктору, профессор, ЭАЖММ Илимий иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Ченг Юнь-Чджан – профессор, докторантуранын илимий жетекчиси, медициналык илимдер жана инженерия мектебинин Шанхай илим жана технология университетинин вице-президенти, Кесиптик жана техникалык кадрларды үзгүлтүксүз окутуунун улуттук базасынын аткаруучу директору,  кесиптик жана техникалык  кызматкерлердин (медициналык жабдуулар), "Бир кур – бир жол" аттуу  инновация жана медициналык жабдууларды колдонуу Альянсынын башкы катчысы.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Атыканов Арыстанбек Орозалиевич – медицина илимдеринин доктору,  ЭАЖММ илимий-аналитикалык бѳлүмдүн башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Алексеев Владимир Петрович – медицина илимдеринин доктору, профессор, ЭАЖММ Административдик жана дарылоо иштери боюнча проректору, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Воробьев Александр Егорович – техникалык илимдердин доктору,  профессор, Россия Федерациясынын ОЭК КЖИ Энергетика министрлигинин жана Өзбекстан Республикасынын Фергана медициналык институтунун эл аралык иштер боюнча проректору.
Ефремов Анатолий Васильевич – медицина илимдеринин доктору, социология илимдеринин доктору,  профессор, Россия Федерациясынын Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти.
Кутманова Айнура Зарылбековна – медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, ЭАЖММ жугуштуу оорулар кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Ананченкова Полина Игоревна – социология илимдеринин кандидаты, экономика илимдеринин кандидаты, доцент, социалдык чөйрөдөгү экономика жана башкаруу кафедрасынын профессору. Н. А. Семашко атындагы Коомдук саламаттыкты сактоо УИИ институту, Россия Федерациясы, Москва шаары.
Конаныхина Анастасия Константиновна – медициналык илимдердин кандидаты, доцент, АПО ФМБА инновациялык медициналык менеджмент жана коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын башчысы, Россия Федерациясы, Москва ш.
Батырханов Шайхислам Килибаевич – медициналык илимдердин кандидаты, профессор С.Дж. Асфендияров атындагы Казак Улуттук медициналык университетинин балдар ооруларынын пропедевтика кафедрасынын профессору, Казакстан Республикасы, Алматы ш.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Усенова Асель Абдумомуновна –
медицина илимдеринин кандидаты, доцент, ЭАЖММ Окуу-тарбия иштер боюнча проректору, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Ерёменко Владимир Владимирович – психология илимдеринин кандидаты,  ЭАЖММ Билим сапаты боюнча проректору, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Омурзакова Айназик Маматисаевна – PhD философия илимдеринин доктору, ЭАЖММ Эл аралык байланыштар боюнча проректору, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Биялиева Гульмира Самарбековна – медицина илимдеринин доктору, "Веданта" университеттик клиникасынын директору, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Чынгышпаев Даниял Шамильевич – медицина илимдеринин кандидаты,  ЭАЖММдин Ысык-Көл кампусунун проректору, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Сатаркулова Айнура Манасовна – медицина илимдеринин кандидаты, ЭАЖММ деканы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Заседателева Светлана Геннадьевна – ЭАЖММ Клиникалык симуляциялык борборунун башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Бажанова Алия Есенкуловна – ЭАЖММ Дипломдон кийинки билим берүү деканы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Карагулова Махабат Керимбековна – филология илимдеринин кандидаты, доцент, ЭАЖММдин эл аралык байланыштар бѳлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Исмаилова Чынара Саматовна – медицина илимдеринин кандидаты,  доцент, ЭАЖММ табигый илимдердин сабактары кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Джусупов Кенеш Осконбаевич – медицина илимдеринин кандидаты, доцент, ЭАЖММ коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Ермеков Турар Ахметбекович – медицина илимдеринин кандидаты, доцент, ЭАЖММ хирургиялык оорулар кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Кудайбергенова Назира Торобаевна - медицина илимдеринин кандидаты, профессор, ЭАЖММ терапия кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Федорова Светлана Владимировна – ЭАЖММ атайын клиникалык сабактар кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Алымкулова Нурия Насипкуловна – ЭАЖММ гуманитардык сабактар кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Осмонова Алия Талгатовна – медицина илимдеринин кандидаты, доцент,  ЭАЖММ пропедтерапия жана үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Касмамбетова Шайыркуль Карыбаевна – медицина илимдеринин кандидаты, доцент, ЭАЖММ анатомия кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Молдоташева Гульнара Сапаровна – медицина илимдеринин кандидаты, доцент, ЭАЖММ патология кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Бебезов Ильхом Хакимович – медицина илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу, ЭАЖММ кардиохирургия жана радиология кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Лим Евгения Федоровна – медицина илимдеринин кандидаты, доцент, ЭАЖММ атайын клиникалык сабактар кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Зайыркулова Рима Женишовна – ЭАЖММ Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Алымкулов Арген Тургунович – ЭАЖММ илимий-аналитикалык бөлүмүнүн адиси, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Курванбек кызы Саадат – ЭАЖММ аспирантура секторунун башчысы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.

КОНФЕРЕНЦИЯНЫН ТҮЗҮМҮ

1. Пленардык жыйын жана конференциянын секциялары
2. Мастер-класстар
3. Инновациялык хирургиялык операцияларды көрсөтүү
4.  Расмий иш-чаралар жана меморандумдарга кол коюу
5. Инновациялык медициналык технологиялар көргөзмөсү

ПЛЕНАРДЫК ЖЫЙЫН ЖАНА КОНФЕРЕНЦИЯНЫН СЕКЦИЯЛАРЫ

Төмөнкү секциялардын багыттары боюнча тематикаларды талкуулоо:
1. Клиникалык практикадагы инновациялар;
2. Фундаменталдык дисциплиналардын актуалдуу маселелери;
3. Медициналык ЖОЖдордо окутуунун актуалдуу маселелери;
4. Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо;
5. Чет элдик студенттерге кыргыз тилин окутуунун интерактивдүү ыкмалары

       Илимий-практикалык конференциянын материалдары илимий макалалардын жыйнагы түрүндө, «РИНЦ/Scopus/Web of Science» илимий-метрикалык маалымат базасында индексацияланып чыгарылат. Илимий макалалардын англис жана орус тилдеринде жазылган кол жазмалары кароого жана жарыялоого кабыл алынат.

МАСТЕР-КЛАССТАР

1. Writing A scoping and Systematic Literature Review Article: Steps to publish, Methods and Tools by Dr. Ishtiaq Ahmad, MD, PhD. (Япония) Global Hearth – Professor, MD, PhD Motoyuki Yuasa Tokio. Медициналык статистика – Квалификацияны жогорулатуу институту, Новосибирск ш. Россия Федерациясы
2. Медициналык практикада жана илимде психология – медицина илимдеринин доктору,  профессор Котова С. А., Санкт-Петербург ш. Россия Федерациясы
3. Интеллектуалдык менчик - аспектилери, практикасы жана укуктары-Карпушеевич С. В. Бишкек ш. Кыргыз Республикасы
4. Медицина илиминдеги жана билим берүүдөгү жасалма интеллекттин маселелери - Квалификацияны жогорулатуу институту, Новосибирск ш. Россия Федерациясы
5. Эрратология-медициналык ишмердүүлүктүн юридикалык механизми катары - Орусиянын ФМБА дипломдон кийинки билим берүү академиясы, Москва ш., Россия Федерациясы
6. Офтальмологиядагы акыркы илимий жана технологиялык жетишкендиктер жөнүндө доклад жана жеринде көрсөтүү - Шанхай Цзяотун университети, Шанхай ш. Кытай
7. Башка тармактардагы акыркы жыйынтыктар жөнүндө доклад (жасалма интеллект, телемедицина) жана жеринде көрсөтүү - Шанхай Цзяотун университети, Шанхай ш. Кытай

Конференциянын максаты - заманбап медициналык илимдин жана билим берүүнүн инновациялары чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер боюнча окумуштуулардын, аспиранттардын, докторанттардын, адистердин жана студенттердин илимий натыйжаларын, илимий тажрыйбаларын жана илимий жыйынтыктарынын басылмалары боюнча тажрыйба алмашуу

Конференциянын ишине катышуу үчүн алдын ала билдирме толтурулат.

Конференциянын жумушчу тилдери: кыргыз, англис, орус

ИННОВАЦИЯЛЫК ХИРУРГИЯЛЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮ
ОКУТУУ СЕМИНАРЛАРЫ ЖАНА РАСМИЙ ИШ-ЧАРАЛАР

1) Академиялык семинар Шанхай Цзяотун университетинин медициналык мектеби "Дүйнөнү жарык көз менен көрүү" долбоорун көрсөтөт.
2) Жети ЖОЖдун студенттери катышкан" Интеллектуалдык триатлон" Бул иш-чаранын максаты окутуунун усулдук моделдерин адаптациялоо жана студенттердин шыктарын аныктоо, катышуучулардын баарлашуу көндүмдөрүн жана негизги билимдерин көрсөтүү болуп саналат.

2) Бүтүрүүчүлөрдү кабыл алуу

Компания United Imaging: Коомчулукту компаниянын абалы, продукциялардын сериясы менен тааныштыруу жана "Борбордук Азиянын медициналык университеттеринен бүтүрүүчүлөрдү кабыл алуу планын" ишке киргизүү; 6 медициналык университеттердин кем эмес 3 мамлекеттен окутуучулары менен студенттеринин катышуусу жана пикир алмашуу.

3) Меморандумдарга жана макулдашууларга кол коюу аземи

1. Кытай Эл Республикасы менен Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы макулдашууларга кол коюу.
2. Медициналык жабдууларды инновациялоо жана колдонуу боюнча "Бир кур – бир жол" Альянсы менен Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы макулдашууга кол коюу.
3. Медициналык жабдууларды инновациялоо жана колдонуу боюнча "Бир кур – бир жол" Альянсы, Шанхай жогорку класстагы медициналык жабдуулар инновациялык борбору жана ЭАЖММ "Борбордук Азиянын медициналык жабдууларын инновациялоо жана колдонуу борборун" түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюшат.
4. Медициналык жабдууларды инновациялоо жана колдонуу боюнча "Бир кур – бир жол" Альянсы, Шанхай жогорку класстагы медициналык жабдуулар инновациялык борбору менен Фергана медициналык коомдук саламаттык институту ортосунда меморандумга кол коюу.
5. Медициналык жабдууларды инновациялоо жана колдонуу боюнча "Бир кур – бир жол" Альянсы, Бухара мамлекеттик медициналык институту менен Шанхай жогорку класстагы медициналык жабдуулар инновациялык борбору ортосунда меморандумга кол коюу.
6. Медициналык жабдууларды инновациялоо жана колдонуу боюнча "Бир кур – бир жол" Альянсы жана Шанхай жогорку класстагы медициналык жабдуулар инновациялык борбору инвестициялык Фонду менен меморандумга кол коюу.
7. Новосибирск мамлекеттик медициналык университети (Россия) менен ФАН ЯН университетинин (Кытай Эл Республикасы) ортосунда меморандумга кол коюу.
8. Каспий университети (Казакстан Республикасы) менен ФАН ЯН университетинин (Кытай Эл Республикасы) ортосунда меморандумга кол коюу.
9. Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын, Россия Федерациясынын, Өзбекстан Республикасынын жана Казак Республикасынын Өкмөттүк мекемелеринин ортосундагы макулдашууларга кол коюу.
10. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Шанхай Цзяотон университетинин медициналык мектеби 2024-жылы "Дүйнөнү жарык көз менен көрүү" долбоорун баштоо боюнча алкактык келишимге кол коюу.
11. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Шанхай Цзяотун университетинин медицина мектеби кызматташтык жөнүндө алкактык келишимге кол коюу.
12. Шанхай Цзяотун университетинин медициналык мектеби менен Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби "Кыргыз-Кытай офтальмология изилдөө борборун" түзүү боюнча келишимге кол коюу
13. Жапон мамлекети менен Кыргыз Республикасынын илим жаатындагы биргелешкен иши жөнүндө меморандумга кол коюу.
14.  Медициналык жабдууларды инновациялоо жана колдонуу боюнча "Бир кур – бир жол" альянсы, Шанхай жогорку класстагы медициналык жабдуулар инновациялык борбору жана ЭАЖММ "Борбордук Азиянын медициналык жабдууларын инновациялоо жана колдонуу борборун" түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюу.
15. United Imaging, корпорациясы менен Шанхай илим жана техника университети жана Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин ортосундагы меморандумга кол коюу.

ИННОВАЦИЯЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР КӨРГӨЗМӨСҮ
Шанхай технологиялык университети Кытайдын медициналык жабдууларына сереп салуу менен жаңы технологиялар, акыркы жетишкендиктер, Кытай менен Борбордук Азиянын ортосунда медициналык жабдуулар жаатында кызматташуунун чоң мүмкүнчүлүгү жана Борбор Азиядагы "медициналык жабдууларды колдонуу инновациялары борбору" долбоору менен камсыз кылат.

ЖЫЙЫНТЫК
Конференциянын ишине катышууга конференциянын тематикасы боюнча илимий изилдөөлөрдүн маанилүү натыйжалары бар эксперттер, окумуштуулар, илимий кызматкерлер, ЖОЖдордун жана илимий-изилдөө институттарынын (борборлорунун) окутуучулары, ошондой эле, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Жапон мамлекети, Россия Федерациясынын жана чет өлкөлөрдүн конференциясынын тематикасы боюнча илимий изилдөөлөрдүн маанилүү жыйынтыктарына ээ болгон студенттери чакырылат.

МАТЕРИАЛДАРДЫ ЖАРЫЯЛОО:
Илимий-практикалык конференциянын материалдары Eurasian

Medical Journal журналына чыгарылат. Илимий макалалардын англис жана орус тилдеринде жазылган кол жазмалары кароого жана жарыялоого кабыл алынат. ( https://eamj-ism.com/ru/)

      Илимий макаланын кол жазмасынын текстин англис тилинде берип жатканда, өтүнүч текст тактоону талап кылбаган жана жарыялоого даяр сапаттуу англис тилинде жазылганын текшерип коюңуз. Орус тилиндеги текстти англис тилине машина менен которууга жол берилбегендигине көңүл бурабыз. Уюштуруу комитети тексттен толук же жарым-жартылай машиналык котормо табылган учурда рецензиялоо стадиясына чейин жарыялоодон баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

     Кол жазманын сунушталып жаткан тексти конференциянын проблемаларына так шайкеш келүүгө жана теориялык жана эксперименталдык изилдөөлөрдүн натыйжаларын чагылдырууга тийиш. Илимий макалалардын оригиналдуу кол жазмалары гана кароого Антиплагиат системасы аркылуу текшерүүдө оригиналдуулук 80%  пайызы менен кем эмес кабыл алынат. Бардык келип түшкөн кол жазмалар уюштуруу жана илимий комитеттердин мүчөлөрү тарабынан рецензиялоо процедурасынан өтөт.

"Евразиялык медициналык журнал" журналына илимий макалаларды тариздөө эрежелери

https://eamj-ism.com/ru/authors/

 

Жарыялоо үчүн чогултуу материалдар Eurasian.med.jour@gmail.com электрондук почта аркылуу 2023-жылдын 20-сентябрына чейин кабыл алынат.

Конференциянын катышуучусун каттоо формасы

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин 20 жылдыгына карата "медицина илиминдеги жана билим берүүдөгү инновациялар"  аттуу

ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

 (ар бир катышуучу үчүн толтурулат)

Каттоо үчүн бул жерди басыңыз

* Эскертүү:  Докладдын презентациясын алдын ала жөнөтүүнү суранабыз
e-mail: science@ism.edu.kg, a.atykanov@gmail.com

Уюштуруу комитетинин байланыштары:

Атыканов Арыстанбек Орозалыевич +996 558 056 051
Курванбек кызы Саадат +996 556 565 560
Алымкулов Арген Тургунович +996 502 107 177

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби
Интергельпо көчөсү, 1ф, 720054
Бишкек ш., Кыргызстан
e-mail: science@ism.edu.kg
ЭАЖММдин расмий сайты: www.ism.edu.kg