ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ЭАЖММнин Терапия кафедрасы тарабынан уюштурулган лекция

2023-жылдын 21 жана 22 сентябрында Эл аралык жогорку медициналык мектебинин (ЭАЖММ) «Веданта» клиникасынын жыйындар залында студенттер жана мугалимдер үчүн ЭАЖММнин Терапия кафедрасы тарабынан уюштурулган лекциялар ѳткѳрүлдү. Лекцияларды атайын Туркия мамлекетинен чакырылган Абдулкадыр Услу, Козуолу Жогорку кесиптештирилген окуу жана илимий госпиталдын профессору окуду.

Алар тѳмѳнкү темаларда болду:

  1. «Проводящая система сердца в норме и базисная электрофизиология». 21.09.2023ж  саат 15.00.  ЭАЖММ нин 6 жана  9 семестрдин студенттери үчүн.
  2. «Ведение пациентов с нарушениями ритма сердца, что нового в новых руководствах по радиочастотной абляции (РЧА). Результаты одноцентового исследования эффективности РЧА у больных с тяжелой хронической сердечной недостаточностью с симптоматической персистирующей мерцательной аритмией».  22.09.2023ж саат 11.00 ЭАЖММ нин мугалимдери жана врачтар үчүн

Лекциялар ѳтѳ жогорку денгээлде ѳтүлдү, ошону менен бирге 2 күндүн ичинде операциялык блоктон аритмиясы бар ооруларга РЧА жасоо учуру онлайн тартууланып турду. Лекциялар угуучулардын чон кызыкчылыктарын жаратып, жүрѳктун согушунун жетишсиздиги боюнча кѳп маанилуу суроолор талкууланды.