ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Эл аралык жогорку медициналык мектеби Эл аралык фестивалга автордук укук алышты

Эл аралык жогорку медициналык  мектеби мекемеси «Кыргыз ырлары чет элдик студенттердин аткаруусунда» аталыштагы программага  патент алды. Бул тууралуу Кыргызпатенттин «Интеллектуалдык менчик» бюллетенинин март  айындагы санында жарыяланды.


       Документке ылайык, программа Кыргыз Республикасында окуп жаткан ѳзгѳ элдин студенттери ѳлкѳбүздѳ ыңгайлуу шартта билим алышып,   мамлекеттик тилде  А1, А2 деңгээлдеринде сүйлѳп жана жергиликтүү эл менен жакшы карым-катыштагы мамиледе болуусуна кѳпүрѳ болуп, мамлекеттик тилди эл аралык деңгээлге жайылтуу максатында иштелип чыкты. 


       Иштеп чыгууга катышкандардын  тизмеси: Ахунбаев Сталбек, Узаков Орозали, Мусаев Сыртбай, Мукамбетова Жипаргуль, Зайыркулова Рима