ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби «Кыргызпатенттен» Гимнге автордук укук алды

ЭАЖММнын Гимни жамааттык авторлукта иштелип чыккан. Гимн «Кыргыз ырлары чет элдик студенттердин аткаруусунда» аттуу эл аралык фестивалда Индия Республикасынын элчиси, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин,  Билим берүү жана илим министрлигинен ѳкүлдѳрү, коомдук ишмерлер жана башкалар катышышуусунда ЭАЖММнын Гимни экени аталып уктурулуп, ырдалган. Гимн эки куплеттен жана 2 кайырмадан турат. Гимндин текстти студенттердин медицина тармагында билим алуусуна, антты сактоого, биримдикке, ынтымакка чакырат. Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин Гимнинин бардык ЭАЖММнын окутуу-кызматкерлери милдеттүү билүүсү зарыл. ЭАЖММнын расмий документтеринде жол-жоболоштурулуп, бардык расмий жолугушууларда,  мекеменин сайтында жана социалдык баракчаларда Гимн уктурулуп, ырдалууда.

 

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин Гимни

Эл аралык университет атыбыз

Эл журт үчүн иштей турган чагыбыз

Эч тартынбай кадам таштап алдыга

Бүт ааламга чыксын дейбиз атыбыз

Кайырма

Билим берген, илим берген

Медицина мектеби

Дүйнѳнү дүңгүрѳткѳн

Таанылуучу кез келди

Биримдикте бирге болсок баарыбыз

Билим менен кѳтѳрүлѳт баркыбыз

Элибиздин ден-соолугун сактоого

Эл алдында берген ушул антыбыз

Кайырма

Билим берген, илим берген

Медицина мектеби

Дүйнѳнү дүңгүрѳткѳн

Таанылуучу кез келди