ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

«Көчмөндөр оюндары» иш-чарасы тууралуу

Маданий байланыштарды чыңдоо жана чет элдик студенттерге кыргыз элинин маданиятын, үрп-адаттарын, каада-салттарын үйрөтүү максатында Негизги  сабактар кафедрасынын кызматкерлери «Көчмөндөр оюндары» деген темада иш-чара өткөрүштү. Кафедрада жыл сайын жаз мезгилинде Жоолук таштамай, Аркан тартыш, Кан таламай ж.б улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Быйыл 2-апрелде 2-3-семестрдин студенттердин катышы менен «Көчмөндөр оюндары» өткөрүлдү. Экинчи семестрдин студенттери “Кара жорго” улуттук бийин даярдашты.
Көчмөндөр оюндарынын иш-чарасы ийгиликтүү өттү. Студенттер кызыгып, даярдануу учурунда кыргыз элинин улуттук оюндары, маданияты тууралуу көп маалыматтарды алышты.