ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

"Ата-Бейитте" эскерүү иш-чарасы

Бүгүн, 10-июнда, «Ата-Бейит» улуттук-тарыхый мемориалдык комплексинде Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин эскерүү иш-чарасы ѳттү.


         Эскерүү иш-чарасына ЭАЖММнын Илимий иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору м.и.д., профессор Узаков Орозали,  Мамлекеттик тил бѳлүмүнүн башчысы Зайыркулова Рима жана ЭАЖММда мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү боюнча жооптуу окутуучу-кызматкерлер жана студенттер катышышты. Эскерүү иш-чарасында Узаков Орозали чет элдик студенттерге – «Кыргыз Республикасынын тарыхый өнүгүш жолунда жакшы менен жаманды, ийгиликтин кубанычын, жеңилүүнүн ызасын, гүлдөп өнүгүүнүн рахатын, төмөн чөгүүнүн басынуу кайгысын бир эле эмес, көптөгөн жолдордо башынан өткөрүп, өз эркиндиги, көз каранды болбостугу, элдин биримдиги, ынтымагы үчүн дайым күрөшүп, аздектеп, өз башынан, бапестеп багып, өзгөчө жогору баалап ыйык тутунган байыркы эл –кыргыздардын тарыхын ушул Ата-Бейит тарыхый комплекси чагылдырат» - деп ачып берди. 
         Эскерүү иш-чаралары «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейинде Рима Зайыркулованын «Аталарды эскерүү»  баяндамасы студенттер үчүн, кыргыз англис тилинде баяндалып жатты. 

 

 


        Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына жана  2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту. 
       Маркумдарга багышталып куран окулду.