ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Кереге кеңеш

21-февраль - Эл аралык эне тил күнүн утурлай, “Кыргызстан эл аралык университети” Окуу илимий-өндүрүштүк комплексинде “Коомдун, илимдин, техниканын өнүгүшүнө байланыштуу кыргыз терминологиясынын калыптанышы” аттуу кереге кеңеш өттү. Кереге кеңешке Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиясы, «Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору”, терминкомдун мүчөлөрү, ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда, кыргыз терминологиясынын бүгүнкү күндөгү абалы жана келечеги тууралуу маанилүү ойлор ортого салынды. Жыйынтыгында бул ойлор кагаз бетине жазылып эле калбастан, буга мамлекеттик деңгээлде маани берилиши керек экендиги, тармактык терминдик сөздүктөрдү түзүү жана жаңылоону колго алуу маселеси менен тиешелүү кызмат адамдарына кайрылуу зарылдыгы сунушталды. Кереге кеңешке ЭАЖММден мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Р.Ж. Зайыркулова, гуманитардык сабактар кафедрасынын башчысы Н.Н. Алымкулова жана улук окутуучу М.А. Кибраева катышышты.