ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Эразмус Плюс BERNICA долбоору боюнча «Study Tour» Грац, Австрия

 2024-жылдын 15-апрелинен 19-апрелине чейин FH JOANNEUM прикладдык илимдер университетинде (Грац, Австрия) Эразмус Плюс “Building Educational and Research Capacities in Nutrition and Dietetics in Central Asia / BERNICA долбоорунун алкагында «Study Tour» иш-чаралар өтүп жатат.

ЭАЖММ өкүлдөрү, өнөктөш университеттердин кызматкерлери менен биргеликте долбоордук консорциум тарабынан уюштурулган координациялык жолугушууларга жана тренингдерге катышып жатышат.

ЭАЖММдин делегациянын курамына төмөнкү кызматкерлер кирет:

  1. Ахунбаев С.М. - Ректор
  2. Еременко В.В. - Билим сапаты боюнча проректор
  3. Джусупов К.О. - Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын башчысы;
  4. Лим Е.Ф.- Атайын хирургиялык сабактар кафедрасынын башчысы;
  5. Маткеримова Н.Б. - Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын окутуучусу;
  6. Молдобаева А.З. - Пропедтерапия жана үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын ассистенти.

«Study Tour» ЭАЖММ өкүлдөрү үчүн, ар кайсы өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен жолугуп, тамактануу жана диетология тармагында тажрыйба алмашуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктү берет.

ЖОЖдун кызматкерлери «Study Tour» алкагында ар кандай иш-чараларга, тренингдерге жана экскурсияларга катышып, анын ичинде ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар объектилерине жана тамак-аш кайра иштетүү лабораторияларын көрүп жатышат.

Эразмус Плюс BERNICA долбоору Борбордук Азияда тамактануу жана диетология тармагында билим берүү жана изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган жана аймактагы билим берүүнүн жана изилдөөлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча жалпы умтулуулардын бир бөлүгү болуп саналат.