Окуу-усулдук бѳлүм
МАКСАТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР
Окуу-усулдук бѳлүм
Бѳлүмдүн ишмердүүлүгүнүн негизги багыты - Эл аралык жогорку медициналык мектепте окуу процессин уюштуруу, мониторинг жүргүзүү жана билим берүү программаларын мыктылоо
ЭАЖММ ОУБынын вазийпасы
Администрациянын, профессор-окутуучулар курамынын жана студенттердин кызматташуусу менен усулдук камсыздоону жана окуу процессин мыктылоо менен билим берүү технологияларын оптималдаштыруу.
ЭАЖММ ОУБынын негизги милдеттери
- Окуу процессин билим берүү программаларынын нормативдери менен камсыздоо.
- Окуу процессин усулдук камсыздоо.
- Окуу процессин мыктылоо.
- Окуу процессин мерчемдѳѳ жана уюштуруу:
1. Окуу пландарын оптималдаштыруу;
2. Окуу процессинин графигин түзүү;
3. Макулдашылган окуу планына ылайык дарстардын жана практикалык сабактардын жүгүртмѳсүн түзүү;
4. Практиканы уюштуруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ;
5. Аттестациялык иш-чаралардын арадагы жана жыйынтык жүгүртмѳсүн түзүү;
6. Мамлекеттик билим берүү стандарттарын иш жүзүнѳ ашырууну кѳзѳмѳлдѳѳ;
7. Жаңы билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.