ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

МАКСАТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР

Эл аралык байланыш бѳлүмүнүн негизги милдети болуп Эл аралык жогорку медициналык мектептин эл аралык байланыш ишмердүүлүгүн уюштуруу жана аны ишке ашыруу.

Эл аралык байланыш бѳлүмү (ЭАББ) ЭАЖММынын башка уюмдар, университеттер, билим берүү борборлору менен академиялык мобилдүүлүк программасын түзүү жолу менен кызматташууга багытталган.

Олуттуу функциялар

Бѳлүмдүн негизги функциясы болуп ЖОЖдун эл аралык байланыштарын ѳнүктүрүүгѳ, бекемдѳѳгѳ жана эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш-чаралар. Бул иш-чаралар тѳмѳнкү аймактарды камтыйт:
 
1. Эл аралык байланыштарды ѳнүктүрүү

  • Эл аралык ассоциацияларда жана уюмдарга мүчѳ болуу;
  • ЭАЖММынын чет ѳлкѳлүк медициналык кеңештерде катталуу процессин координациялоо;
  • Эл аралык программаларды жана долбоорлорду издѳѳ; (Erasmus +, Mevlana долбоорлоруна жазылуу жана жиберүү);
  • ЭАЖММдын эл аралык программаларга жана долбоорлорго катышуусун уюштуруу жана координациялоо;
  • ЭАЖММдын улуттук жана эл аралык рейтингдик баалоого катышуусун уюштуруу;
  • AMSA KG студенттик уюмду координациялоо.

2.Маалыматтык иштер

Сайтты иштетүү, социалдык түйүндѳр маркетинги, жаңылыктарды жаңыртуу;

  • Конференцияларды, семинарларды, тренингдерди ж.б. уюштуруу;
  • Жарнамалык-маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу жана басып чыгаруу (брошюра, буклеттер, баннерлер, видео жана фотоматериалдар);
  • ЭАЖММынын ѳзгѳчѳ фирмалык сувенирлерин иштеп чыгуу.

3. Чет ѳлкѳлүк профессор-окутуучуларды жана студенттерди кабыл алуу жана колдоо

  • ЭАЖММынын расмий ѳкүлдѳрү менен кабыл алууну жүргүзүү жана сертификаттарын текшерүү;
  • Чет ѳлкѳлүк окутуучуларга жана студенттерге чакыруу каттарын даярдоо жана берүү;
  • Admission letter, Fee structure каттарын берүү;
  • Алгачкы ѳздүк кѳктѳмдѳрүн комплектациялоо;
  • Кыргыз Республикасынын миграциялык кызматынан чет ѳлкѳлүк окутуучуларга квота алуу;
  • Чет ѳлкѳлүк окутуучуларга иштѳѳгѳ уруксатты тариздѳѳ.

4.Студенттер менен иштѳѳ

  • Студенттерди, ординаторлорду, аспиранттарды, докторанттарды, бүтүрүүчүлѳрдү, чет ѳлкѳлүк окутуучуларды ошондой эле макулдашууларды жана долбоорлорду электрондук базага киргизүү жана жаңыртуу:
  • ЭАЖММынын студенттерине MCI, PMDC кѳрсѳтүүгѳ Admission letter, Bonafide letter, Fee structure  каттарын берүү;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары менен кат алышууну ишке ашыруу;
  • Профессор-окутуучулар курамынын жана студенттердин , абитуренттердин академиялык мобилдүүлүгүн уюштуруу жана ѳнүктүрүү;

5. Бүтүрүүчүлѳрдүн мониторинги

  • Бүтүрүүчүлѳр менен байланышты түзүү жана ѳнүктүрүү жана ЖОЖдун документтерин күбѳлѳндүрүү;
  • Бүтүрүүчүлѳрдүн персоналдык маалыматтарын чогултуу жана жумушка орнотуу мониторинги;
  • Бүтүрүүчүлѳр маалыматын электрондук базага киргизүү;