ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

МАКСАТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР

2017-жылы түзүлгөн Эл аралык кызматташтык борбору студенттердин Кыргызстанда мыйзамдуу болушун камсыз кылуу, тактап айтканда, паспорт жана визалык документтерди берүү жагынан алар менен түздөн-түз иш алып барган борбор болуп саналат.

Мындан тышкары, биздин жогорку квалификациялуу кызматкерлерибиз студенттерге консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө дайыма кубанычта.

ЭАКБнын негизги максаты студенттерди бирдиктүү терезенин негизинде өз убагында жана сапаттуу тейлөөгө шарт түзүү болуп саналат. Студенттер, чет өлкөлүк мугалимдер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү төмөнкү маселелер боюнча  кайрыла алышат:

  • Студенттерди убактылуу каттоого алуу (мамлекеттик чек арадан өтүү эрежелерине ылайык) жана студенттик «S» визасын алууга көмөк көрсөтүү (мөөнөттөр боюнча);
  • Чет өлкөлүк мугалимдерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын аймагында болууга уруксаттарды даярдоо, ошондой эле убактылуу каттоодон өтүү жана «W» жумушчу визасын алууга көмөк көрсөтүү;
  • Төрт негизги предметтер боюнча: химия, физика, биология жана англис тили боюнча 3 айлык интенсивдүү даярдоо курстарын уюштуруу;
  • Ден соолугунун көйгөйлөрү бар студенттерди «VEDANTA» медициналык клиникасына жөнөтүү;
  • Студенттик жардамдын сапатын контролдоо;
  • Окуучулардын ден соолугунун көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү.