Илимий-аналитикалык бѳлүм
МАКСАТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР
Максат: Эл аралык жогорку медициналык мектепте илимий-изилдѳѳ ишмердүүлүгүн жүргүзүү.
Милдеттер:
- Профессор-окутуучулар, аспиранттар жана студенттер менен фундаменталдуу, колдонмо изилдѳѳлѳрдү жана иштелмелерди ишке ашыруу.
- ЭAЖММынын структуралык түзүмдүк бѳлүмдѳрүндѳ илимий-изилдѳѳ ишмердүүлүктѳрүн ишке ашырууда майнаптуу ѳз ара аракеттешүү жана координациялоону жүргүзүү.
- Жылдык жана узак мѳѳнѳттүү мерчемделген илимий-изилдѳѳ иштердин аткарылышына кѳмѳктѳшүү.
- ЭAЖММынын ойлоп табууларын, илимий инновациялык иштелмелеринин патент жѳндѳмдүүлүгүн жана патенттик тазалыгын жогорку техникалык деңгээлде камсыздоо.
- ЭAЖММынын башка илимий мекемелер, ЖОЖдор жана саламаттыкты сактоо мекемелери менен илимий-изилдѳѳ иштерин координациялоону жүргүзүү.
- Илимий-изилдѳѳ долбоорлорунун атандаштыкка жѳндѳмдүүлүгүн арттыруу.
- Инновациялык иштелмелерди киргизүүнү ишке ашыруу.
- Саламаттыкты сактоо, коомдук саламаттык жана медициналык билим берүүдѳгү кѳйгѳйлѳр боюнча жана диагностика, терапия, реабилитация жана адам ооруларынын алдын алуу маселелери боюнча илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу.