ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ЭАЖММдын башкы корпусу

ЭAЖММдын башкы корпусу ошондой эле «Борбордук кампус» аталуу менен ѳзүнүн жагымдуу эффективдүү окууга, достукка чакырган атмосферада болуу менен Бишкектин тынч жана жайлуу районунда жайгашкан.


Борбордук кампуста ЭAЖММынын административдик кызматкерлери жана жетекчилердин кызматтык жайлары ошондой эле ректор, проректорлор, бухгалтерия, эл аралык кызматташтык борбору, окуу-усулдук бѳлүмү, студенттер менен иштѳѳ бѳлүмү, билим берүүнүн сапатын кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмү, дипломдон кийинки билим берүү бѳлүмү, административдик-чарбалык бѳлүм, кызматкерлерди башкаруу бѳлүмү, билим берүүдѳгү маалыматтык технологиялар бѳлүмү, мамлекеттик тил бѳлүмү жана башка бѳлүмдѳр жайгашкан.


Деканат 2 кабаттын оң блогунда жайгашып, билим берүү процессин кѳзѳмѳлдѳѳ менен студенттер кагылышчу ар түрдүү кѳйгѳйлѳрдү карашат.
 
Борбордук кампус ишенимдүү кайтарылып, окутуучулар менен студенттердин коопсуздугун камсыздайт. Студенттер башкы кампуста болуу менен ар кандай тейлѳѳ кызматтарына тѳлѳмдѳрдү банкоматтардан ишке ашыра алышат.
 
4 кабаттын сол блогунда табигый-илимдер кафедрасы жайгашуу менен химия, биология, физика, информатика жана малекулярдык биология боюнча сабактар ѳткѳрүлѳт. 5 кабаттын сол блогунда патология кафедрасы жайгашып, студенттер патофизиология, патологиялык анатомия жана сот медицинасы сабактарын окушат. Оң блокто ЭAЖММынын китепканасы жайгашкан.
 
ЭAЖММынын жертѳлѳ кабатында дарскана залы, студенттик кеңештин кабинети, вокалдык-инструменталдык музыкалык бий тобу жана эс алуу бѳлмѳсү жайгашкан. Андан сырткары имаратта студенттер үчүн кафетерий иштейт.