ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Медицинская клиника МВШМ "VEDANTA"

Университеттин «Веданта» клиникасы борбордук кампустан түндүк-чыгышты кѳздѳй, Бишкектин борборунда жайгашкан. Клиника кѳп профилдүү адистештирилген борбор болуу менен ѳлкѳнүн жашоочуларына медициналык жардам кѳрсѳтүшѳт. Бул жерде хирургия бѳлүмү, коомдук медицина, неврология, гинекология, кардиология бѳлүмдѳрү, сакайтуу борбору, лаборатория жана операциялык блок жайгашкан. Бул мекемеде «Виртуалдык медицина клиникасы» аталыштагы, эң мыкты заманбап стандарттардын талабына ылайык жабдылган клиника ишмердүүлүгүн жүргүзѳт.
 
Университеттин «Веданта» клиникасы эл аралык стандарттарды сактоо менен сапаттуу медициналык жардам берүүнү камсыздоо принциптерине ылайык иш алып барат. Клиникада ЭAЖММынын профессор-окутуучулары жана тажрыйбалуу дарыгерлер эмгектенишет.
 
«Веданта» - ЭAЖММынын 2018 – 2021-жылдарга ѳнүгүү программасы алкагында ачылган университеттин биринчи клиникасы. Программага ылайык жакынкы убакыттарда университеттин эки кѳп профилдүү клиникасы Бишкек калаасында жана региондордо ачуу мерчемделген.