ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Биздин курстар

ОТОРИНОЛАРИНГОЛОГИЯ

  Оториноларингология – бул кулактын жана жогорку дем алуу органдарынын морфологиялык жана физиологиялык ѳзгѳчѳлүктѳрүнүн патологиясын изилдеген атайын клиникалык дисциплина. Кулакка жана жогорку дем алуу органдарына биринчи кезекте сырткы чѳйрѳнүн терс факторлору: ызы-чуу, вибрация, иондошкон нурлануу, чаң, ар кандай химиялык кошулуулар, сезгичтигин кѳп жолу жогорулаткан бурчтан жана түптүз ылдамдануу; ЛОР- органдардын баттан эле курч жана ѳнѳкѳт жугуштуу оорулары менен илдеттенүүсүндѳ, одоно …

Кененирээк

МЕДИЦИНАЛЫК ГЕНЕТИКА

  Бул программа жогорку медициналык окуу жайлардын студенттерине негизделген. Дисциплинаны окуу студенттерге генетика жаатындагы теоретикалык билимдерин жана тукум кууган ооруларды аныктоо үчүн клиникалык практикага колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан сырткары курс клиникалык аныктоонун принциптерин үйрѳнүүнү жана тукум кууган оорулардын семиотикасын, ошондой эле дарылоонун принциптерин, бейтаптардын клиникалык изилдѳѳлѳрүн жана алдын-алууну камтыйт.   Жалпы түйшүгү: 2 кредит (72 саат) Аудитордук сабактар: 36 саат …

Кененирээк

НЕРВ ТУТУМУНУН МОДУЛУ

  «Нерв тутуму» модулун окутуу процессинде студенттер нерв тутумунун морфофункционалдык негиздери боюнча билимдерин ѳнүктүрүшѳт жана неврологиялык бузулууларда патогенетикалык механизмдердин ѳѳрчүшүн жана нерв тутумунун дарттанышында топикалык аныктоону коюунун кѳндүмдѳрүнѳ ээ болушат. Морфологиялык жана клиникалык илимдердин үзгүлтүксүз байланышын түзүү жолу менен жалпы медициналык билим берүү тутумунун биомедициналык жана клиникалык дисциплиналарынын туурасынан келген интеграцияны камсыздоо менен билимдердин түзүлүшү, билгичтик жана кѳндүмдѳр нерв тутумунун …

Кененирээк

КЛИНИКАЛЫК АЛЛЕРГОЛОГИЯ ЖАНА ИММУНОЛОГИЯ (тандоо боюнча)

  Азыркы иммунология жана аллергология боюнча программа жогорку медициналык окуу жайлар үчүн Мамлекеттик стандартынын жогорку профессионалдык билим берүү стандартынын жана Бүткүл дүйнѳлүк медициналык билим берүү федерациясынын, Индиянын медициналык кеңешинин, Пакистандык медициналык жана стоматологиялык кеңешинин талаптарын жана стандарттарын эске алуу менен түзүлгѳн. Окуу планы бирдей мазмунду талап кылуу менен студенттердин жалпысынан иммунология жана аллергология жаатындагы окутуу жана прфессионалдык компетенциялар дисциплиналарынын теориясын …

Кененирээк

ФТИЗИОПУЛЬМОНОЛОГИЯ

  Туберкулез кѳйгѳйүнүн актуалдуулугу дүйнѳ жүзүндѳ ѳтѳ эле жогору. БДСУнун маалыматы боюнча жер планетасынын калкынын 1/3 бѳлүгү туберкулездун микобактерияларын жуктургандар жана дүйнѳ жүзүндѳ 16-20 миллион бейтап туберкулездун активдүү формасы менен жабыркашат.   Ошону менен катар ар бир 4 секунд сайын бир адам жуктурат, ал эми 10 секунд сайын дүйнѳ жүзүндѳ бир адам каза болуп турат. Акыркы жылдары жалпы ооруугандарын саны …

Кененирээк

СТОМАТОЛОГИЯ

  Бул программа жогорку медициналык окуу жайдын студенттерине негизделген. Ооз кѳңдѳйүнүн ткандарынын жана органдардын жогорку жыштыкта жабыркашы кѳп учурда анын түзүлүшүнүн ѳзгѳчѳлүгүндѳ жана функциясында болуп, сырткы чѳйрѳ менен дайыма байланышы, микрофлоралардын болушу, ар кандай жүктѳмдѳрдүн түрлѳрү ж.б. Миңдеген жылдар бою бейтаптарга жабыркаган тиштерине жана жок тиштерге болгон жардам берүү аракеттери жасалып келсе дагы, стоматология илим катары ошондой эле стоматологиялык жардам …

Кененирээк

ОФТАЛЬМОЛОГИЯ

  Офтальмология-бул атайын клиникалык дисциплина кѳрүү органынын анатомия жана физиологиясын үйрѳтѳт жана анын кошумчаларын, кѳздүн ооруларын ошондой эле дарылоонунун алдын-алуу жана дарылоо усулдарын иштеп чыгууну шарттайт.   Офтальмологияны келечектеги дарыгерлердин билүүсү зарыл, себеби кѳп сандагы кѳздүн оорулары бул адамдын ар кандай тутумдарында жана органында ѳѳрчүгѳн кѳптѳгѳн патологиялык процесстердин пайда болушу. Ар кандай жугуштуу оорулар, эндокриндик патология, ар кандай зат алмашуу …

Кененирээк

НЕВРОЛОГИЯ ЖАНА НЕЙРОХИРУРГИЯ

  Бул программа жогорку медициналык окуу жайлардын студенттерине негизделген. Анын негизги максаты студенттер медициналык изилдѳѳдѳ бейтаптын ѳзүнчѳ бѳлүнүп чыккан илдеттин симптомдордун жана андан ары синдромдорду группаларга бѳлүүгѳ жана топикалык илдеттенишинин деңгээлин аныктоо усулдарын билиши, бул неврологиядагы колдонулган заманбап аныктоонун усулдары менен илдеттин деңгээлин салыштырууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан сырткары программа клиниканын абдан олуттуу аспектилерин, заманбап аныктоонун усулдарын, нерв тутумунун ооруларын алдын-алууну …

Кененирээк