ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

«Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери» аттуу мамлекеттик тил проректорлорунун III форуму болуп өттү

 2024-жылдын 18-январында Ош мамлекеттик университетинде «Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери» аттуу мамлекеттик тил проректорлорунун III форуму болду. Аталган форумду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич ачты. Форумга КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу реформаларга мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн эксперти Жанузакова Кыял Байышевна, Ош шаарынын мэринин орун басары Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин секретариатынын спичрайтери Абылкасымова Тамара Нурмамытовна жана жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча проректорлору, кафедра башчылары, тил адистери, ЖМК өкүлдөрү ж.б. катышты. Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин атынан мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Рима Зайыркулова катышты.

Баяндамалар “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ЖОЖдордо аткарылышы боюнча “Көп тилдүү билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу”,  “Студенттердин сабаттуулугун жогорулатуудагы айрым ыкмалар”, “Жогорку окуу жайлардагы иш кагаздарынын абалы” жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы боюнча маалымат (Инфодокс боюнча) жасалды. Жогорку окуу жайында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелерине арналган Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда аткарылып жаткан иштердин жыйынтыктары, келечектүү пландары, көйгөйлөрү, жаратман иштери, тилдик деңгээлдер боюнча окутуунун максаттуулугу жөнүндө проректорлордун сунуштары, суроолору, көргөзмөлүү иштери боюнча суроо-жооп, талкуу болуп,  жарыш сөзгө чыгышты. Соңунда Кайрылууну кабыл алуу менен жыйынтыкталды.