ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Биздин курстар

СОТТУК МЕДИЦИНА

  Соттук-медициналык экспертиза мамлекеттик же муниципалдык саламаттыкты сактоо тутумунун медициналык мекемелеринде Соттук-медициналык экспертиза бюросунун эксперти, ал эми ал жок болгон учурда, тергөөчү, прокурор же соттун чечими менен соттун буйругунун негизинде дайындалган жак экспертизага катышкан дарыгер тарабынан жүргүзүлөт. Дал ушул жоболор медициналык окуу жайларда "Соттук медицина" дисциплинасын расмий түрдө окутууну милдеттендирет, анткени ар кандай дарыгер, сот медицинасы жаатында зарыл болгон минималдуу …

Кененирээк

СЕКЦИЯЛЫК КУРС

  Патологиялык кызмат - бул медициналык мекемелердин дарылоо-диагностикалык ишинин сапатын жогорулатууга багытталган мекемелердин жана иш-чаралардын тутуму. Бардык адистиктеги дарыгерлер кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканда, кайсы бир мезгилде патологиялык анатомия менен байланышта болушат. Демек, патологиялык кызматтын милдеттерин, патологанатомдун документациясын, патологанатомдун практикалык ишин уюштурууну жана мазмунун билүү, клиницист-дарыгердин жана патологоанатомдун биргелешкен ийгиликтүү иш-аракетинин ажырагыс шарты болуп саналат. Курстун негизги максаты - биопсияны, хирургиялык …

Кененирээк

ПАТОЛОГИЯЛЫК ФИЗИОЛОГИЯ

  Патологиялык физиология - ар кандай медициналык билим берүү тутумундагы жана ар кандай адистиктеги дарыгердин практикасындагы негизги сабактарынын бири.   Патологиялык физиология оорунун өнүгүшүнүн мүнөздүү себептерин жана механизмдерин изилдейт. Патологиялык физиологиянын негизги бөлүгү - оорунун мүнөздүү органикалык курамдык бөлүгү болгон патологиялык процесстерди изилдөө болуп саналат. Зыяндуу факторлордун таасирине кабылганда, адамдын организминин органдарында жана тутумдарында кандай өзгөрүүлөр болору жөнүндө так билими …

Кененирээк

ПАТОЛОГИЯЛЫК АНАТОМИЯ

  Патологиялык анатомия бир катар медициналык сабактардын катарында өзгөчө орунду ээлейт. Бир жагынан, патологиялык анатомия - бул медицинанын теориясы, ал оорунун материалдык субстратын ачып, түздөн-түз клиникалык практикага кызмат кылат: экинчи жагынан алып караганда бул диагностика үчүн клиникалык морфология, жалпы жана жеке адамдын патологиясы үчүн ал медицина теориясынын материалдык субстратын берет (Серов В.В., 1982). Патологиялык анатомия - анатомия, гистология, биология, патологиялык …

Кененирээк